Чүй:Искра айылындагы жаны парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты
09.12.2025 09:48
225
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук шар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан жаны эс алуу паркынын долбоору иштелип чыкты.
Жаны парк Чүй районунун Биримдик айыл аймагына
караштуу Искра айылында курулууда. Долбоорго ылайык,
жаны парк жергиликтүү тургундар үчүн сейилдөөгө
ылайыкталып, эс алууга ынгайлуу, коопсуз жана
жеткиликтүү аймак түзүлөт. Объектинин курулушу
райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жатат.