Жол жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоорлор иштелип чыкты
24.10.2024 17:32
69
КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармылыгынын архитекторлору тарабынан, Арашан айыл өкмөтүндөгү Заречное айылынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплекске чейин, Көк-Жар айылынан «12 каминов» эс алуу зонасына чейин жана Достук түндүк айланма жолунан «Ак-Жол» өткөрүү пунктуна чейинки жолдордун жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун эскиздик долбоорлору иштелип чыкты.