Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Жол боюндагы уруксатсыз,баш аламан курулган объектилерди аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө

11.02.2025  15:39

79

Жол боюндагы уруксатсыз,баш аламан курулган объектилерди аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткаруу максатында Аламүдүн районун акими А.Эргешов менен биргеликте Шаар куруу жана архитектура департаменттине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.А.Мажитов Достук айыл аймагынын Ленин айылындагы негизги жолдун боюндагы уруксатсыз, баш аламан  курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүштү.
                                                                                                                                                                  Иш жүрүшүндө 151 курулуш каралып, анын ичинен 129 объект мыйзамсыз экени аныкталды. Мыйзамсыз объектилердин ээлерине эскертүү берилип,тийиштүү кагаздарын жана курулуштарын тез арада ирээтке келтирүүнү сунушталып жана  айыл өкмөт башчысына мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча тапшырма берилди.


Ал эми курулуш нормаларына жооп берген объектилердин ээлерине курулуштун фасадын жана архитектуралык дизайнын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген жалпы дизайн кодко ылайык ирээтке келтирүү талабы коюлду .