Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Жер мунапысы боюнча иштер жүргүзүлүүдө

17.08.2023  16:53

313

Жер мунапысы боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу максатында Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тынымсыз иштерди жүргүзүп жатат. 

Төмөнкү Ала-Арча, Мраморное, Чекиш-Ата, Васильевка, Лебединовка (контур 154), Ленин а/о (Ак-Жар конушу), Пригородное а-а (Степное), Кок-Жар (контур 267) айылдарынын жарандары арыздарын тапшырышууда, ал эми азыркы учурда

Васильевка айылы боюнча 259 арыз түшүп, 215 документ берилди. 6 арыз баш тартылып, 8 документ жасалууда.

 Мраморное айылы боюнча 49 арыз түшүп, 49 документ берилди.

 Төмөнкү Аларча айылы боюнча 15 арыз  түшүп, 15 документ берилди. 

 Чекиш-Ата аймагы боюнча 218 арыз тапшырылып, 213 документ берилди. Учурда 5 документ берилүүгө даяр.

Лебединовка (контур 154) айылы боюнча 519 арыз түшүп, 502 документ берилген. 17 арыз баш тартылган (отказ).

Ленинский айыл окмотунун Ак-Жар конушу боюнча 1625 арыз кабыл алынып, 380 документ жасалып берилди. 403  документ берилүүгө даяр, 842 документ жасалууда. 

Пригород а/а ( Степное, Манас көч) боюнча 8 арыз түшүп, учурда жасалууда.

Көк-Жар (контур 267) айылы боюнча 1 арыз түшкөн.

Чекиш-Ата конушу боюнча 346 арыз түшүп, 314 документ берилген. 32 документ берилүүгө даяр.

 

Жарандар арыздарды “Бирдиктүү терезе” аркылуу тапшырышууда.

Белгилей кетсек, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жер мунапысы боюнча жарандар менен тыгыз жана тынымсыз иштеп жатышат.