Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Жайыл районундагы инвентаризациялоо иштери

29.03.2024  11:19

58

Жайыл районундагы инвентаризациялоо иштери

  Чүй облусунун Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Архитектура башкармалыгы тарабынан 8-Март көчөсүнөн Ломоносов көчөсүнө чейин жакшыртуу долбоору иштелип чыккан. Ал эми учурда жеңил объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз орнотулган  55 соода павильону бузулду. Ошондой эле архитектура башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Чалдовар унаа жолунун боюндагы соода объектилеринин көрктөндүрүү иштерин талапка ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.