Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Жайыл: Маданият үйүнүн айланасын көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор

09.10.2025  08:41

317

Жайыл: Маданият үйүнүн айланасын көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор

Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жайыл райондук башкармалыгынын архитектуролору тарабынан Петропавловка айылындагы Маданият үйүнүн алдындагы аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Көрктөндүрүү иштеринин жалпы аянты 0,61 гектарды түзөт.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда:
• маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча куруу жана ага отургучтар менен таштанды урналарын орнотуу;
• кендиги 1,5 метр болгон асфальт-бетон каптамасы бар аллеяларды куруу, аларга отургучтар жана урналар орнотуу;
• аллеялардын айланасына бийиктиги 3 метр болгон жарык чырактарды орнотуу;
• жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн суу түтүктөрүн орнотуу.

Ошондой эле эки автоунаа токтотуучу жайды (парковканы) оңдоо.

Бул долбоордун негизги максаты – жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу.