Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Ысык-Ата районунда жаны имаратка капсула салынды

27.12.2023  17:12

64

Ысык-Ата районунда жаны имаратка капсула салынды

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин Ысык Ата райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Имарттын курулушунун жалпы сметасы 23  423  870  сомду түздү. Жогорудагы сумма башкармалыктын өздүк бюджетинен каржылангандыктан, курулуш иштери  беш этапка бөлүндү. 2023-жылдын пландын негизинде 1-этап менен 3 288  236 сом каралып, бүгүнкү күндө пайдубалы тургузулууда.
Имарат курулуучу жер тилкесинин жалпы аянты - 600 м2.
Имарат долбоор боюнча 2 кабат жана жер төлөөсү менен (подвал), жалпы аянты - 434,88 м2.
Курулушка бардык уруксат, долбоорлоо документтери бар.