Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Урматтуу Прокуратура тармагынын жалпы кызматкерлери жана ардагерлери!

22.11.2023  12:16

37

Урматтуу Прокуратура тармагынын жалпы кызматкерлери жана ардагерлери!

      Сиздерди 22-ноябрь кесиптик майрамыңыздар менен Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилден куттуктайм. 

         Прокуратура мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү таянычы болуу менен өлкөбүздүн укуктук жана демократиялык мамлекет катары өнүгүшүнө зор салым кошууда. Ар дайым мыйзам менен иш алып барып, ар бир адамдын укугунун сакчылыгында болуп, ишиңиздерди калыс жана объективдүү алып баруу албетте жеңил эмес, андыктан сиздерге күчтүүлүк, чыдамкайлык жана чечкиндүүлүк каалайбыз. Мыйзамдын ишеничтүү ар бир сакчысына ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, жогорку деңгээлдеги дем күч жана ар дайым иштериңиздерде ийгилик коштоосуна тилектешпиз.