Улуу Ата-Мекендик согушуна арналган аллеяны реконструкциялоого эскиздик долбоор иштелип чыкты
08.04.2025 14:44
80
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын алдындагы Москва районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Нарзан айыл өкмөтүнүн Беловодск жана Ак-Суу айылдарында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушуна арналган аллеянын жана эстеликтерди реконструкциялоого эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Бул долбоор Москва районунун Нарзан айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, азыркы учурда паркты реконструкциялоо иштери башталды.
2025-жылдын 9-майына чейин ишке ашырылат.