Токмок шаарындагы инвентаризациялоо иштери
29.03.2024 17:06
56
Чүй облусунун Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан маалыматтык-жарнак түзүмдөрүнө жайгаштыруу аркылуу таратылган жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди иретке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында иштер жүргүзүлүп, мыйзамсыз коюлган объектилер алынууда. Учурда Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү мыйзамсыз коюлган жеңил объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң демонтаж болууда.