Сокулук районундагы эски ипадромдун ордуна жаңы заманбап үлгүдөгү эскиздик долбоор иштелип чыкты
11.06.2025 15:49
283
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Сокулук районунда жайгашкан мурдагы ипподромдун ордуна жаңы заманбап үлгүдөгү ипподромдун эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Долбоордун алкагында Чүй облусунун архитекторлору жана Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жерине барып, абалды ордунан көрүп,архитекторлор тарабынан сунушталган эскиздик долбоорду талкуулашты. Жаңы ипподром заманбап талаптарга жооп берип, улуттук спортту өнүктүрүүгө жана калк үчүн эс алуучу жай катары кызмат кылууга багытталат.