Сокулук районунда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
23.05.2024 15:23
138
КР Мамкурулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемеловичтин жетекчилиги алдында, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын административдик имаратынын кошумча курулушу аяктап, ишке берилди. Иш-чарага КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу, Сокулук райондук мамлекттик администрациясынын башчысы-аким, Шаар куруу жана архитектура Мамлекеттик долбоорлоо институтунун жана райондук архитектура боюнча башкармалыктын башкы архитекторлору ж.б катышты. Имараттын жер тилкенин жалпы аянты -1811,4 кв.м. Курулуп жаткан курулуштун экспликациясы тамбур, бирдиктүү терезе, күтүү залы, 5 иш кабинеттери, конференц залы, кабылдама ж.б.
Курулган кошумча курулуштун куруу иштери, 2023-жылдын 13-февраль №16 Мамкурулуш буйругу менен бекитилген, каржы планынын 2.9 пунктунун негизинде, мекемеге өз каражатынын эсебинен жүргөн.
Натыйжада, жаңы имараттын курулушу - Сокулук районунун тургундарына улам жакшы жагына өзгөрүп бара жаткан заманга
ылайык тейлөө жүргүзүүгө жана архитектура жааматына чыгармачылык менен изденүүнүн негизинде жаратмандык эмгек менен жаңы ийгиликтерди жаратууга кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин Сокулук райондук архитектура бөлүмү 1966-жылы түзүлгөн. Калктын эстетикалык суроо-талаптарына жооп берүүчү Райондук маданият үйү, райондук сот имараты ж.б көптөгөн имараттар курулган. Ал эми архитектура кызматы Ж.А.Айдаровдун демилгеси менен өздөрүнүн каражатына 1987-жылы архитектура мекемесинин имаратын курдурган.