Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Садовое айылында кызыл сызыктан чыгып кеткен 17 даана тосмо аныкталды

08.04.2025  16:53

89

Садовое айылында кызыл сызыктан чыгып кеткен 17 даана тосмо аныкталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында,

Чүй айыл аймагына караштуу Садавое айылындагы Чүй көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен 17 даана тосмо аныкталды.

Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле, кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолорду алуу боюнча чара көрүү зарылдыгы ээлерине жеткирилди.