Мыйзамсыз курулган объектер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
10.04.2025 16:28
212
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгын — “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында, Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын “Жер мамилелери” бөлүмүнүн адистери А. Сыдыков жана Чокморов айыл аймагында мыйзамсыз курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү, ошондой эле дизайн-коддун талаптарын жайылтуу максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз деп табылган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо, мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу, ошондой эле дүкөндөрдүн сырткы көрүнүшүн иштелип чыккан дизайн-коддун негизинде бирдиктүү стандартка келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.