Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Люксембургда сквер курулат

28.12.2023  13:18

38

Люксембургда сквер курулат

27-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылында сквердин курулушуна капсула салынды. Иш  чарага КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниктин милдетин аткаруучу жана бир катар жетекчилер катышты.  Люксембург айылындагы аянт жакында жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу аймагына айланган жаңы кичи сейил бактын аянтына айланат. Ачылышы 2024-жылдын июнь айына пландаштырылган.