Ленин айылында дүкөндөрдүн тышкы көрүнүшү бирдиктүү стандартка келтирилип жатат
12.04.2025 17:48
199
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментине тиешелүү Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан дизайн коддун негизинде, Достук айыл аймагынын Ленин айылында дүкөндөрдүн тышкы көрүнүшү бирдиктүү стандартка келтирилип жатат. Бул иш-чара айылдардын жана шаарлардын көрүнүшүн жакшыртуу, ошондой эле архитектуралык эстетиканы сактоо максатында жүргүзүлүүдө.