Кыргыз-Казак чек арасындагы " Ак-Жол” өткөрмө пунктунун аймагы толук оңдолуп,түзөлдү
12.09.2025 14:02
271
Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Аламүдүн районунун Достук айылындагы Ак-Жол өткөрмө пунктусунун айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максаттында атайын долбоор иштелип чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылды.
Бул долбоордун алкагында аймакты жашылдандыруу, инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Айрыкча унаа токтоочу жай жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, эс алуу отургучтары жана жарыктандыруу тутумдары орнотулуп, жарандардын коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулду