Көрнөк-жарнактар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
03.11.2023 14:06
46
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 «Жарнак жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын өнүктүрүүнүн, жер пайдалануунун жана көрктөндүрүүнүн типтүү жобосун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чүй облусунун аймагында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү тууралуу 2023-жылдын 5-апрелиндеги 96-буюрмасын аткаруу максатында Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы бир катар иштерди аткарууда. Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын “Жер мамилелер” бөлүмүнүн кызматкерлери Аламүдүн району боюнча “дизайн код” жана мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.