Комплекстүү эс алуу борборунун эскиздик долбоору иштелип чыкты
11.04.2024 13:37
38
Чуй облусуна караштуу Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан "Караван-Сарай" комплекстүү эс алуу борборунун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Ал Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагынын Nº2011, Nº2012, Nº2013
контурунда жайгашкан. Ал комплекстүү эс алуу борборунда туристтер, жүргүнчүлөр, айдоочулар
үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Анын ичинде 20 дай коомдук тамактануу жайлары, соода
борборлору, мечит, балдар аянтчасы ж.б камтылган. Буйрутмачы Кара-Булак а/а.