Кемин районуна чек белгилер орнотулат
19.12.2023 13:26
39
Чүй облусунун аймагы менен коңшу аймактын жайгашкан тилкесиндеги кире бериш жерлерине облус чегин аныктаган стелла (чек белгилер) орнотулат. Бул тууралуу Президенттин Чүй Облусундагы Өкүлчүлүгү билдирди. Ошондой эле Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан архитектуралык техникалык корутундусу жана макулдашуу долбоору берилген. Буйрутмачы Орловка шаарынын мэриясы.
Учурда орнотулуучу жайлары мерчемделип, Кемин районунда стелланын курулуш иштери жүрүп жатат.