Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Кара-Балта дарыясынын жээгин көрктөндүрүү: эскиздик долбоор иштелип чыкты

18.06.2026  13:59

241

Кара-Балта дарыясынын жээгин көрктөндүрүү: эскиздик долбоор иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта дарыясынын жээгин, Жайыл Баатыр көчөсү менен кесилишкен аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды.

Долбоордо көчөлөрдү жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды урналарын орнотуу, жашыл аймактарды түзүү, жөө жүргүнчүлөр жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлуу жөө жүрүү жолдорун салуу, ошондой эле параллелдүү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу каралган. Мындан тышкары, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгү да эске алынган.

Бул долбоор ушул убакка чейин пайдаланылбай келген дарыя жээгиндеги аймакты заманбап, коопсуз жана көп функционалдуу коомдук мейкиндикке айландырууга багытталган. Аны ишке ашыруу шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртып, аймактын көркүн арттырууга өбөлгө түзөт.