Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
06.02.2024 15:35
53
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын негизги милдеттеринин бири облустун жана калктуу конуштардын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат. Буга байланыштуу архитекторлор имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын түстүү схемаларынын, ошондой эле борбордук көчөлөрдүн аймактарын жакшыртуунун алдын ала долбоорлорун тынымсыз иштеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштап жатышат.
Бүгүнкү күндө ишке ашыруу стадиясында сунушталган долбоорлор төмөнкүлөр:
-Люксембург айылынын борбордук бөлүгүн амфитеатр куруу менен жакшыртуу.
-Кант шаарынын Гагарин көчөсүн «Жаштар аллеясы» веложолун уюштуруу менен көрктөндүрүү.
Жогорудагы долбоорлонгон объектилерге бардык долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтер берилген.
-Кант шаарындагы Жеңиш паркынын аймагындагы Амфитеатрдын эскиздик долбоору. Учурда алдын ала долбоору Кант шаардык мэриясынын кароосуна жөнөтүлдү.
Ошондой эле, бүгүнкү күндө Кант шаарынын мэриясы тарабынан борбордук Ленин көчөсүнүн архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча башкармалык тарабынан иштелип чыккан алдын ала долбоорго ылайык иш жүргүзүлүүдө.
Калк үчүн жагымдуу шарттарды жакшыртуу жана аймактарды өнүктүрүү максатында башкармалык мындан ары ар бир айыл жергесинде Долбоордук кодексти киргизүү боюнча иштерди улантат.