Гавриловка айылындагы жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты
08.10.2025 16:49
176
Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Гавриловка айыл аймагындагы 308–321-контурдагы жер тилкесин жайыт категориясынан парк зонасына трансформациялоо боюнча атайын парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Бул долбоордун негизги максаты-жергиликтүү тургундар үчүн экологиялык жактан таза, эс алууга ылайыктуу коомдук мейкиндик түзүү. Парктын аймагында жашыл зоналар, жөө жүрүүчү жана эс алуу аянтчалары каралган.