Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Достук айыл өкмөтүндө мыйзамсыз деп табылган 12 күркө 5 бастырма демонтаждалды

03.03.2025  16:55

104

Достук айыл өкмөтүндө мыйзамсыз деп табылган 12 күркө 5 бастырма демонтаждалды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын Жер мамилелери
бөлүмүнүн адистери

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын, аткаруу максатында жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүндөгү Алматы көчөсүндө жайгашкан жарнамалык конструкциялар, соода күркөлөрү жана дүкөндөр текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксат документтери жок 22 объект аныкталып, анын ичинен 12 күркө жана 5 бастырма демонтаждалды, ал эми 5 объект ээлерине 1 айдын ичинде өз алдынча демонтаждоо мөөнөтү берилди.