Дизайн-код жана мыйзамсыз курулуш боюнча рейд жүргүзүлүүдө
16.06.2026 13:49
411
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын “Жер мамилери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районундагы Достук, Сыдыков жана Чокморов айыл аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрдү.
Иш-чаранын максаты - мыйзамсыз курулган объектилерди аныктоо жана ирээтке келтирүү, ошондой эле дизайн-код талаптарын калк арасында жайылтуу жана алардын аткарылышын камсыз кылуу.
Рейд учурунда мыйзамсыз деп аныкталган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо, мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу жана соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн дизайн-кодго ылайык келтирүү боюнча сунуштар жана тапшырмалар берилди.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы калктуу конуштарда шаар куруу жана архитектуралык талаптардын сакталышын күчөтүү жана заманбап шаардык чөйрөнү калыптандыруу боюнча иштерди мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.