Дизайн код боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
07.09.2023 14:14
59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 «Жарнак жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын өнүктүрүүнүн, жер пайдалануунун жана көрктөндүрүүнүн типтүү жобосун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чүй облусунун аймагында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү тууралуу 2023-жылдын 5-апрелиндеги 96-буюрмасын аткаруу максатында Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы бир катар иштерди жүргүзүүдө. Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын “Жер мамилелер” бөлүмүнүн кызматкерлери Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында “дизайн код” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Негизинен дизайн код айыл аймактардын көрүнүшүн бирдиктүү стилге алып келүүгө жардам берет. Ал көбүнчө, шаарлар үчүн иштелип чыккан. Чын-чынына келгенде айылдар менен иш алып баруу маанилүү, анткени, түзмө-түз бардык деңгээлдердин: экономиканын, туризмдин жакшыруусуна таасирин тийгизет. Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Аламүдүн району боюнча жеңил конструкция менен салынган павильондорду, жарнама такталарын,күркөлөрдү (киоски), архитектуралык чечимдеринин жана белгилерди, айылдардын элементтерин жайгаштыруу стандарттарын аныктай турган колдонмону иштеп чыгып, айыл аймактарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө жана алдыда Аламүдүн району боюнча дагы да иштерди жүргүзүшөт. Белгилей кетсек, Лондондо 1666-жылдан бери дизайн код колдонулат. Борбор шаар жана Улуу Британиянын эң чоң шаары үчүн шаардын сырткы көрүнүшүнүн эстетикасынан тышкары, шаардын ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу маанилүү болгон. Кийинчерээк бир канча өлкөлөрдө дизайн кодду киргизүү колдонула баштаган.