Дайындоо
27.01.2024 09:40
168
Мамкурулуштун Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мурзакулов Чолпонбек Станбекович 2024-жылдын 15-январынан баштап ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Билими
2005-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин экология жана жаратылышты пайдалануу факультетин аяктаган.
2017-жылдан И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. Н.Исанов атындагы инженердик-курулуш институту «Курулуш» багыты боюнча профили «Өнөр жай жарандык курулуш».
Иш тажрыйбасы
16.07.2008 Сокулуктагы архитектура жана шаар куруу башкармасынын инженер-конструктору.
08.01.2014 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын "Жеке турак жай куруу" бөлүмүнүн инженери.
01.02.2016 - Жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы – башкы адис – инженер-архитектор.
28.03.2016 - жетектөөчү адис - Жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн инженери
24.01.2020- 2023-жылдары жеке турак жай курулушун долбоорлоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
19.07.2023-жылдан баштап Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында начальниктин орун басары.