Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Чүй: Жаны сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты.

31.10.2025  08:59

574

Чүй: Жаны сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын архитекторлору
тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Бул ирет архитекторлор Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүндө жайгаша турган 
жаны сквердин экологиялык жана шаар куруу талаптарына ылайык эскиздик долбоорун даярдады.

Аталган долбоор аймактын жашоочулары учун ынгайлуу
жана кооз эс алуу мейкиндигин түзүүгө багытталган.
Эскиздик долбоорго ылайык, жашыл аймак, отургучтар,
жарыктандыруу системасы, жөө жүргүнчүлөр үчүн 
жолдор жана балдар ойноочу аянтча каралган.