Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

ЧҮЙ: Таш-Мойнок айыл аймагында кызыл сызыктан чыккан жана мыйзамсыз объектилер боюнча мониторинг жүргүзүлдү

01.06.2026  18:24

17

ЧҮЙ: Таш-Мойнок айыл аймагында кызыл сызыктан чыккан жана мыйзамсыз объектилер боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Жер мамилери бөлүмүнүн адистери Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Таш-Мойнок айыл аймагындагы калктуу конуштарда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерге мониторинг жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан, кызыл сызыктан чыгып кеткен соода түйүндөрү (тандырлар) жана өз алдынча курулган мыйзамсыз объектилер боюнча ирээтке келтирүү жана инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө объектилердин жайгашуу шарттары, мыйзамдуулугу жана пайдалануу багыттары изилденип, тиешелүү маалыматтар топтолду.

Ошондой эле Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан аймактын архитектуралык көрүнүшүн жана шаар куруу тартибин жакшыртууга багытталган дизайн-код иштелип чыгууда. Документ жакынкы аралыкта бекитүүгө сунушталат.

Аталган иштер 2026-жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 26-саммитине даярдык көрүү алкагында жүргүзүлүүдө.