Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жаңы начальник дайындалды

03.07.2025  15:51

523

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жаңы начальник дайындалды

Бүгүн, 2025-жылдын 3-июлунда, Кожобеков Кубанычбек Маликович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндөгү жобо жетекчиликке алуу менен, тиешелүү буйрукка министр Н.К. Орунтаев кол койгон.