Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы ишембиликке чыкты

24.03.2025  03:07

101

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы ишембиликке  чыкты

Бүгүн, 22-март, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында башкармалыктын имаратынын айлана-чөйрөсү иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды.

Ишембиликтин негизги максаты – шаарыбыздын тазалыгын сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү. Мындай демилгелер айлана-чөйрөнүн көрктүүлүгүн жакшыртууга жана коомчулуктун экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга чоң салым кошот.

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы мындан ары да мындай иш-чараларга активдүү катышып, аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин улантат. Бардык жарандарды тазалыкты сактоого жана табиятка аяр мамиле кылууга чакырабыз!