Чүй облусунда социалдык шаарча ачылды
25.12.2023 11:32
66
Чүй облусунун Москва районундагы Крупская айылында 7-декабрда аз камсыз болгон жарандар үчүн курулган социалдык шаарчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, ошондой эле ИТАР (ETHAR) донордук уюмунун өкүлдөрү катышты.
Акылбек Жапаров тургундарды жаңы турак-жайга ээ болушу менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун сөзүнө токтолуп, «Биздин максат – жашоого каражаты жок адамдарды жакырчылыктан чыгаруу», - деди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында мамлекет тарабынан кайтарылгыс түрдө 100 миң сом бөлүнүп жатканын, ал эми ишин ийгиликтүү улантып жаткандарга дагы бир жолу 200 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирди.
Маалымат: социалдык шаарчанын курулушун «ИТАР» коомдук кайрымдуулук фонду (ETHAR) жүргүзгөн. 28 үй-бүлөгө үйүнүн ачкычы тапшырылды. Жергиликтүү бийлик 1 гектардан ашык жер бөлүп берген. Жакын арада тигүү цехи жана фельдшердик-акушердик пункт курулат.
Булак: Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү