Чүй облусу боюнча жумушчу комиссия иш алып барууда
29.07.2024 15:31
84
Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги А.А.Мажитовдун төрагалыгы астында жумушчу комиссиясы, Чүй облусунун райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарына көчмө комиссия өткөрдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө жумушчу комиссия Сокулук, Москва, Чүй, Кемин башкармалыктарынын жана Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү, ошондой эле жетекчилик тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты. Жогоруда аталган жеринде өткөн комиссиянын жыйынтыгы менен аткаруу тартиби, уруксат берүү жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу, кабыл алынган жаңы эрежелердин натыйжалуулугу, ошондой эле борбордук көчөлөрдүн аймактарында жүргүзүлгөн инвентаризациялоо иштери боюнча тийиштүү райондор каралды.
Райондук жана шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын ишин оптималдаштыруу максатында бул иштер күчөтүлгөн режимде туруктуу негизде жүргүзүлөт.