Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Чүй облусу боюнча жумушчу комиссия иш алып барууда

18.03.2024  10:24

58

Чүй облусу боюнча жумушчу комиссия иш алып барууда

Учурда Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан  убактылуу жеңил объекттерди тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, маалымат жана жарнак түзүмдөрү боюнча  Чүй облусунун аймагында, тактап айтканда Панфилов районунун Чалдовар айыл өкмөтүнөн Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө чейин, тагыраагы Чүй районунун батыш бөлүгү  боюнча райондордун башкы архитекторлорунун катышуусунда  көчмө жумушчу комиссия түзүлдү. .
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын архитектурасы шаар курулушу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары
жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому боюнча мыйзам бузуулар аныкталган, анда колдонуудагы имараттарга жана курулмаларга чатырлар, жарнак курулмалары жана башкалар уруксатсыз кошулган, ошондой эле муниципалдык аймакта жеңил типтеги убактылуу  объектилер(павильондор, күркөлөр, лотоктор ж. б) уруксат кагаздарысыз орнотулган.
Ошондой эле, жашылдандыруу элементтеринин (чакан архитектуралык формалары, тротуарлар, газондор, брусчаткалар, ирригациялык системалар ж.б.) жоктугун белгилей кетүү керек. Жогорудагыларды эске алуу менен Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына райондордун башкы архитектору тарабынан белгиленген тартипте мындан ары иш алып баруу үчүн шаардык жана райондук кызматтарды тартуу менен бул маселелерди чечүү тапшырылды. Жогорудагыларды эске алуу менен Чүй регионалдык  шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан белгиленген тартипте мындан ары иш алып баруу үчүн райондордун башкы архитекторлоруна шаардык жана райондук кызматтарды тартуу менен бул маселелерди чечүү тапшырылды.Кошумчалай кетсек, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн жалпы Чүй облусунун чыгыш тарабында мындан ары мындай иш сапарлык жумушчу комиссиялар жума сайын өткөрүлө тургандыгын маалымдайбыз.
Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ээлеринен мындай көрүнүштөргө жол бербөөнү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоону өтүнөт.