Чүй облусу боюнча 114 көрөк-жарнак такталары демонтаж болду
30.07.2024 11:05
83
КР Мамкурулушунун Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, жалпы райондор жана тиешелүү башкармалыктар менен биргеликте мыйзамсыз объекттер демонтаждалууда.
Райондор боюнча демонтаж болгон объекттердин саны:
Жайыл району 22 объект
Чүй району 3 объект
Ысык-Ата району 37 объект
Токмок шаары 8 объект
Сокулук району 11 объект
Москва району 7 объект
Панфилов району 4 объект
Кемин району 22 объект.
Белгилей кетсек, архитектура башкармалыгы тарабынан бул тармак боюнча жыл башынан бери тынымсыз иштер жүргүзүлүп жата жана мындан ары да уланмакчы.