Чүй: Кара-Балта шаарында жол тилкесин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты
28.01.2026 08:50
96
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын,архитекторлору тарабынан Кара-Балта шаарынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан жол тилкесин көрктөндүрүү боюнча долбоор иштелип чыкты.
Долбоор Кожомбердиев көчөсүнүн Ж. Баатыр жана Крылов көчөлөрү менен чектелген аймагын камтыйт жана шаар куруу, экологиялык жана архитектуралык талаптарга ылайык даярдалды.
Аталган долбоор шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап коомдук мейкиндикти түзүүгө багытталган. Долбоордун алкагында коомдук транспорт үчүн токтоочу пункттарды орнотуу, жөө адамдар жана велосипед жолдорун куруу каралган.
Мындан тышкары, чакан архитектуралык формадагы объекттер орнотулуп, аймакты жарыктандыруу үчүн бийиктиги 3 метр жана 12 метр болгон фонарлар коюлат. Жашылдандыруу иштеринин алкагында бак-дарактар, бадалдар жана клумбалар отургузулуп, автоунаалар үчүн автотоктотмолор уюштурулат.
Ошондой эле жол тилкесине жанаша жайгашкан имараттар үчүн бирдиктүү дизайн-кодду киргизүү каралып, аймактын архитектуралык көрүнүшү иретке келтирилет.