Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Чалдовар көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасын реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты

24.03.2025  02:55

77

Чалдовар көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасын реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын алдындагы Панфилов районунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Бишкек – Чалдовар автоунаа жолунун Чалдовар көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанынан өтүүчү 700 метрлик бөлүгүн реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Эскиздик долбоорго ылайык, жолду кеңейтүү, ирригациялык каналдарды орнотуу, тротуарларды төшөө, дарактарды отургузуу жана башка иштер каралган.

Эскиздик долбоордун негизинде курулуш иштери башталды.