Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Бир катар иштер жасалууда

24.01.2024  14:46

51

Бир катар иштер жасалууда

2024-жылдын 20-январында Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Н.К. Орунтаев аталган башкармалыктын 2024-жылга коюлган пландары менен таанышып, кызматкерлер үчүн иш шарттарын жакшыртуу иштери мындан ары дагы уланаарын баса белгиледи.

Ошондой эле, райондук башкармалыктарда ротация болуп, Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы архитектору Иштыбаев Самат Мусадинович Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы архитектору болуп дайындалса, аталган райондун башкы архитектору Джанусаков Бекболот Орозович Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы архитектору болуп дайындалды.