Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Балдар аянтчасы жана эс алуу оруну курулууда

25.12.2023  11:43

26

Балдар аянтчасы жана эс алуу оруну курулууда

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Тельман айылында райондук өнүктүрүү фондунун долбоору аркылуу заманбап балдар аянтчасы жана ошону менен бирге айыл тургундары үчүн эс алуу оруну курулууда.

Эске салсак, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев тарабынан ар бир айылга чакан парк, эс алуу жайын куруу тапшырмасы берилген.

Тельман айылында курулуп жаткан балдар аянтчасында балдар үчүн ар кандай ойноочу жабдыктар, чоңдор үчүн шахмат, тогуз коргоол оюндары үчүн орундуктар коюлуп, кеңири шарт түзүлөт.

Тегерегине арча жана башка жашыл бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Долбоордун жалпы баасы 2 млн. 79 миң сомду түзөт.

 

Булак: Ысык-Ата райондук Мамлекеттик администрациясы