Бала-бакчанын курулушу жакынкы күндөрү бүтөт
19.09.2023 13:39
55
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар конушундагы 140 орундуу бала-бакчанын курулушу жакынкы күндөрү бүтөт. Иштин жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов таанышып, бир жумада бүткөрүү боюнча тапшырма берди.
Белгилей кетсек, объектинин курулушу 2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.