Байтик айылында инвентаризация иштери байма-бай жүрүүдө
01.04.2024 15:29
40
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында инвентаризация иштери уланууда. Райондук тиешелүү мекмелердин жана Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте түзүлгөн комиссия байма-бай комиссияга чыгып, өз иштерин аткарууда.
Белгилей кетсек, Байтик айыл аймагында «Байтик айылынын кире беришинен узундугу 3300 метрди түзгөн жолду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбоорун ишке ашыруу жана соода күркөлөрдү, маалыматтык-жарнамалык жеңил типтеги объекттерди жайгаштырууну тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, аталган райондун аймагына комиссиялык чыгуу уюштурулган жана мыйзамсыз коюлган жеңил типтеги объектилер демонтаж болгон. Алдыда дагы бул иштер уланмакчы.