Архитектор Мелис Мырзакулов "Өз кесибинди сүйсөң гана бийиктиктерге жетесиң"
21.08.2023 09:04
41
Архитектура тынымсыз өнүгүп келе жаткан тармак жана визуализация технологияларындагы жетишкендиктер архитекторлордун өз долбоорлорун көрсөтүү ыкмасын өзгөрттү. Бул мезгилге чейин миң жылдыктар мурун эле элди тан калтырган имараттар курулган. Мисалга, Лондондогу эң белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири - Ыйык Павел собору (Собор Святого Павла), Италиядагы гана эмес, дүйнөлүк архитектуранын атактуу эстеликтеринин бири Рим пантеону, Тадж-Махал (Агра, Индия), Биг-Бен (Лондон, Великобритания), Колизей (Рим, Италия), Эйфель мунарасы (Париж, Франция), Василий Блаженный храмы (Москва, Россия) ж.б дүйнөдөгү адамдарды таң калтырган бир катар имараттар бар. Алардын баарын жаратып, идеяларды түзгөн чыгармачыл адамдар албетте архитекторлор болуп саналат. Бул тармакка эмгеги сиңип, алдыга жылуусуна чоң салым кошкон инсандарыбыз жок эмес. Бул саныбызда архитектор, Чүй облусунун кеменгери (2023) , КР Архитекторлор Союзунун ардактуу мүчөсү (2018) Мырзакулов Мелис Токторгулович менен маек курдук.
- Саламатсызбы? Кыргызстанда август айынын экинчи дем алыш күнү - курулушчулар күнү катары белгиленип келет, майрамыңыздар менен.
-Саламатчылык, рахмат. Учурдан пайдаланып бардык курулушчулардын майрамы менен куттуктайм. Сиздердин аракетиңиздин аркасында шаарлар көркүнө чыгып, элдин жашоо-турмушу жакшырып баратат. Сиздер жол салууда, сапаттуу турак-жайларды, жаңы социалдык, маданий жана өндүрүштүк объектилерди куруп жатасыздар. Эски имараттарды кылдаттык менен калыбына келтирип, аталарыбыз жана чоң аталарыбыз жараткан нерселерди биздин урпактарга сактап калууга жардам берип жатасыздар. Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирүү менен көптөгөн ийгиликтерди каалайм.
- Мелис Токтогулович биринчиден, объектилериңизге жана сизди чыныгы сулуулукту жараткан чоң профессионал катары суктанганымды билдирем. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз: кесип тандоого эмне себеп болду, архитектор үчүн эң негизгиси эмне деп эсептейсиз, кесиптик философияңыз кандай?
- Бала кезде мектепте окуп жүргөндө чиймелерди чийип, сүрөттөрдү тартып көп нерселерди жасачумун. Бирок менин атам математика мугалими болгону үчүн, бул илимге кызыгып окучумун. Мектепти бүткөн соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин математика факультетине, И.Арабаев университетинин физика-математика факультетине, Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин куруучу-инженер факультетине 1 учурда өтүп, 3 университеттин ичинен архитектура тармагын тандап, окуп калдым. 1993-жылы тапшырып, 1998-жылы окууну аяктадым. Студенттик маалда окуп, Бишкек шаардык турмуш-тиричилик үйүнүн дирекциясында кароолчу болуп иштедим. 1996-ж. - ЖЭУ-18, комплекстүү тазалоо боюнча жумушчу. 1997 – 2000-жж. - Филиал №18 «Бишкекжилремонт» АК техникалык тейлөө боюнча инженер. 2000-ж. -ЖЭУ-18 АОЗТ “Жилсервис”, башкы инженер. 2001ж. - “ЖЭУ-15” ЖЧК, начальник. 2002ж. - “ЖЭУ-15” ЖЧК, директор.
2002– 2005-жж. - “ЖЭУ-15” ЖЧК, “Порядок” ЖЧК, “Авли” ЖЧК,директор
2010-ж. - ГАСУ-1 жетектөөчү инженер болуп эмгектендим. Андан соң , 2010-2011 -жж. - Чүй облусу боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгында жетектөөчү инженер. 2011-ж. - Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары. Ошол күндөн тарта, 2-кесип катары кайрадан архитектура тармагында окуп, "архитектор" деген кесипке ээ болдум. 2017-2019-жж. - Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги болуп эмгектендим. Андан соң Чүй регионалдык шаар куруу жана рахитектура боючна башкармалыгынын башкы архитектору болуп 2023-жылдын жарым жылдыгына чейин эмгектендим. 2017-жылы жетекчилик кызматка келгенден баштап, архитектуралык техникалык кеңешме өткөргөндө өзгөчө басым жасаганым бул кыргыз элинин калоритин ар бир чийген долбоорго, ар бир объектиге киргизүүсүн талап кылып, кыргыз элинин көптөгөн элементтерин чагылдырууну талап кылчумун жана дайым талап кыла берем. Архитектура бул сулуулукту боюна сиңирген аземдүү искусство болуп эсептелет. Ал грек тилинен которгондо "башкы куруучу" дегенди билдирет. Архитектура бул шаарларды жана имараттарды кандайдыр бир стилге келтирип куруу,ошого заманбап түшүнүү менен алардын комплекстерин дизайнын о.э калк жашаган аймактарды пландоо жана кичи архитектуралык формалар болуп саналат. Архитектор бул инженер-куруучу эмес. Кыргызстанда төмөндөгүдөй негизги архитектуранын адистиктери бар. Турак-жай коомдук имараттардын архитектурасы, шаар куруу жана калк жашаган аймактарды пландоо, өнөр-жай имараттарынын архитектуралары, архитектура чөйрөсү жана тарыхы, архитектура аймагынын дизайны. Дизайн деген графикалык белгилердин жардамы менен функцияналдык объектинин көрүнүшүн, функциясын жана өндүрүшүн проект салууда чагылдырат. Ошондой эле бул коомдогу ар бир кишинин оюн пландоо, көрккө келтирүү, иретөө болуп эсептелет.
-Азыркы учурда Чүй регионалдык шаар куруу жана архитекетура боюнча башкармалыгындагы кызматыңыздан кеткенизди билебиз, бул тармакка кайрадан кайтып келесизби?
-Бул тармактан кеткениме ден-соолугум себеп болду. Буюрса алдыда ден-соолугумду чыңдап Кудай насип этсе өзүм көнгөн, сүйгөн тармакка кайтып келем.
-Жакшы, мыкты жетекчи кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- "Мыкты жетекчи карапайым адамдарга пайда табууга жол берет",- деген ойчул, философ Конфуций. Жөнөкөй болуп, өзүнүн оюн элге жеткире билүүсү, ар бир адамдын оюн уга билүү менен ага жардам берүүсү жетекчинин өзгөчөлүгү деп ойлойм. Жетекчинин милдети ар бир адамдын мүдөөсүн аткаруу болуп эсептелет. Ошондой эле, жөнөкөйлүк, кичи пейилдик жана этикалык мүнөз жогору болушу шарт.
- Архитектура тармагында окуп жаткан студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?
- Өзүңуздүн балдарыңызга бул кесипти тандоосун сунуштайт белеңиз?
-Үй бүлөлүүмүн. 2 кыз 1 уулум бар. Экинчи кызым менин жолумду жолдоп, архитектура тармагында билим алып жатат. Ар бир кесип ардактуу деген кепти толук колдойм. Ким болсо да өзү кесибин сүйүп, берилүү менен иштесе сөзсүз бийиктиктерди багындырат.
-Биз менен маек курганыныз үчүне чоң рахмат, ден-соолукта болуңуз.
-Рахмат.