Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүндө мыйзамсыз деп аныкталган объектилер буздурулууда
05.03.2025 14:33
355
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын “Жер мамилелери” бөлүмүнүн адистери тарабынан
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын, аткаруу максатында
Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жайгашкан 5 күркө жана 2 бастырма демонтаждалды.