Аламүдүн районунда 20 көрнөк-жарнак тактасы алынды
22.08.2024 13:31
42
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.05.2023-жылдагы № 96-р буйругун аткаруу максатында «Чүй облусу боюнча маалыматтык жана жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу боюнча талаптардын эрежелерин бекитүү тууралуу.”, Аламүдүн районунун аймагында шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле жеңил типтеги объектилердин архитектуралык чечимдеринин бирдиктүү тышкы көрүнүшүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатуу максатында , Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын “Жер мамилелери” бөлүмүнүн адистери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз иштеп жаткан жеңил типтеги объектилерди (соода павильондорун) жана көрнөк-жарнак такталарын, көрнөктөрдү (баннерлерди) демонтаждоо иштерин жүргүзүштү.
Жогорудагы иштердин жүрүшүндө Достук жана Арашан айыл аймактарында жыйырмадан ашык көрнөк-жарнак такталары жана бештен ашык жеңил типтеги объекттер, демонтаждалган.
Мыйзамсыз иштеп жаткан көрнөк-жарнак такталары жана жеңил типтеги объекттерди инвентаризациялоо жана демонтаждоо иштери мыйзам бузуулар толук жоюлмайынча улантылат.