Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

А.Эргешовдун жетекчилиги астында аппараттык жыйын болуп өттү

25.02.2025  13:47

160

А.Эргешовдун жетекчилиги астында аппараттык жыйын болуп өттү

2025-жылдын 24-февралында, Аламүдүн районунун акими А. Эргешовдун жетекчилиги астында аппараттык жыйын болуп өттү.

 

 Жыйындын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгынын, жана Кыргыз Республикасьнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 4-майындагы №-96-p Буйругунун негизинде, өз билемдик менен курулган мыйзамсыз обьектилерди демонтаждоо жана ирээтке келтирүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалымат берилди.

 Өйдөдө айтылган иш-чаранын жүрүшүндө;

 Достук айыл өкүмөтүндө- 22 даана күркө уруксат кагаздары жок болуп аныкталып, анын ичинен 12 даана күркө жана 5 бастырма демонтаждалды.

 Сыдыков айыл өкүмөтүндө - 18 даана курулуш уруксат кагаздары жок болуп, анын ичинен 14 соода түйүнү жана жарнамалык такталар демонтаждалды 

С. Чокморов айыл өкүмөтүндө -11 даана күркө уруксат кагаздары жок болуп, анын ичинен 5 күркө жана 2 бастырма демонтаждалды.