Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

"Урожай спорт комплексинде толук түрдө оңдоо- түзөө иштери жүргүзүлүүдө

07.08.2023  15:42

167

"Урожай  спорт комплексинде толук түрдө оңдоо- түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында борбордук "Урожай" спорт комплексинде толук түрдө оңдоо- түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында "Урожай" спорт комлекси айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн.
Ар түрдүү объективдүү жана субъективдүү себептерден улам борбордук " Урожай" спорт комплексине көңүл кош мамиле жасалып келген. Эми ал айыл өкмөтүнүн карамагына өткөн соң, эскилиги жетип, дубалдары урап түшө баштаган имаратта толук түрдө оңдоо - түзөө иштери кызуу башталды. Мындай иш аракеттерди аткарууда өрт ж.б.коопсуздуктар толук эске алынган.  Имараттагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө турат. Ар күнү курулуш иштери менен жеринде таанышылып, сапаттуу бүтүшүнө байкоо салынууда.