"Өзүңдү өрттө, башкаларга ар дайым жарык бер"- Гиппократ
13.11.2023 09:51
73
Сокулук районундагы аймактык оорукананын территориясына “Жугуштуу оорулар” бөлүмүнүн жаны имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
2021-жылдын 15-июлунда официалдуу түрдө капсула салуу аземи менен курулуш иштери башталган. Курулушту каржылоо Кувейт мамлекети тарабынан инвестор тартылып жүргүзүлдү.
Баардык курулуш материалдары медициналык имаратка ылайыкталып, “Жугуштуу оорулар” бөлүмүнүн палаталары бейтаптарга заманбап баардык шартка ылайыкталган, имараттын ичинде эмеректер, даараткана, жуунучу жайы, муздаткычтар жана техникалар менен жабдыкталган.
Инженердик тармактардын баардык тутумуна туташтырылып, ошондой эле өрт өчүрүү коопсуздук тутуму (сигнализация) орнотулган.
Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан шаар курулуш иш кагаздары өз учурунда даярдалып берилип, башкармалыктын башчысы Б.О.Джанусаков ачылыш аземине катышты.