Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

2023-жыл ичинде архитектура башкармалыгы тарабынан жасалган иштер тууралуу

12.01.2024  11:51

78

2023-жыл ичинде архитектура башкармалыгы тарабынан жасалган иштер тууралуу

     Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жеке турак жай курулушу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун токтомдорун жана буйруктарын жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле “Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Чүй облусунун аймагында шаар куруу саясатын ишке ашыруу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет.

2023-жылдын 12 ай ичинде АШК даярдоо боюнча 290 тапшырык түшүп, анын 141 аткарылган. 120 сы баш тартылса, 29 документ иштелүүдө. Ал эми АТК боюнча 984 арыз түшсө, 463 документ иштелип чыгып, 474 ү баш тартылып, 47 си иштелүүдө. 

2023-жылдын 12 ай ичинде  ИТК (Инженердик техникалык корутунду) боюнча 581 арыз түшүп, 206 сы иштелип чыкса, 24ү иштелүүдө. 

2023-жылдын 12 ай ичинде макулдашуу боюнча 477 арыз түшсө, 411 макулдашылса, 59 баш тартылып, 7  документ иштелүүдө.

            2023 жылдын 12 ай ичинде 1395 объекттиге топографиялык сүрөт 1:500 масштабында геодезиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

2023-жылдын 12 ай ичинде убактылуу павильондорду жайгаштыруу үчүн 177 АТК (Архитектуралык техникалык корутунду) берилген. Ошондой эле 1497 долбоорлордун документтери штелип чыкан.

 

Белгилей кетсек, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери жер мунапысы боюнча жарандар менен тыгыз жана үзгүлтүксүз иш алып барышууда.