1000 ден ашуун кызыл китептер тапшырылды
24.10.2023 12:53
45
20-октябрда Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында район акими, архитектура кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өттү. Жыйында Ак-Жар конушунунун тургундарына 1000 ден ашуун кызыл китептер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу максатында Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тынымсыз иштерди жүргүзүп, Аламүдүн районунда жер мунапысы боюнча активдүү иш алып барышууда.