Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы

Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында шаар куруу кеңеши болуп өттү

27.06.2026  14:10

200

Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында шаар куруу кеңеши болуп өттү

Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 2026-жылдын 25-июнда 9 кабаттуу социалдык, маданий, турмуш-тиричилик жана мектепке чейинки мекемелери бар турак жай комплексин куруу үчүн шаар куруу кеңеши өткөрүлдү. 
Долбоордогу объектилерди куруу жана аларды инженердик инфраструктура менен камсыздоо маселеси боюнча материалдарды карап чыккандан кийин, шаар куруу кеңеши ЧЕЧТИ:Долбоордогу объектилерди камсыздоо үчүн учурдагы жылуулук, суу менен камсыздоо жана канализация тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жетишсиз экендиги тууралуу маалыматты эске алуу. Буюртмачыга долбоорлоо уюму менен биргеликте төмөнкүлөрдү сунуштоо:Жылуулук, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо боюнча чыгымдарды эсептөө;  Керектүү инженердик тармактарды куруу (реконструкциялоо) боюнча иш-чараларды долбоордо караштыруу; Автономдук казанды куруу жана тийиштүү техникалык жана санитардык шарттар болгон учурда скважинаны колдонууну камтыган жылуулук жана суу менен камсыздоонун альтернативдик варианттарын иштеп чыгуу; Жергиликтүү тазалоочу курулуштарды (ЖТК) курууну же учурдагы тазалоочу курулуштарга өзүнчө канализация тармагын курууну караштыруу. Керектүү инженердик-техникалык эсептөөлөр аткарылгандан, долбоордук чечимдер даярдалган жана каржылоо булактары аныкталгандан кийин, материалдарды шаар куруу кеңешинин кароосуна кайрадан киргизүү. Долбоорду макулдашуу боюнча акыркы чечим бардык эскертүүлөр жоюлгандан жана долбоордогу объектилерди инженердик жактан камсыздоонун мүмкүнчүлүгү тастыкталгандан кийин кабыл алынат. Чечим бир добуштан кабыл алынды.